Menu

Жанар Акаев: “Жакында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Билайндын” ээси Эрлан Оспанов менен жолуккан. Эмне үчүн бул элге ачык айтылбай жашырылып жатат?”

Бөлүшүү:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев “Beeline” компаниясынын ээлеринин бири Эрлан Оспанов жана компаниянын Кыргызстандагы башчысы Евгений Кражан менен жолугушкан. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев “Инстаграмдагы” баракчасына жазып чыкты.

Чек арада чатак чыгып, жүк ташуучу машинелер Казакстанга өтө албай чакырымдап тизилип турат, бюджет тартыштыгы абдан чоң. Премьер-министр болсо “тергөөгө кийлигишпейин” деп убактылуу эс алууга кетти. Тарых музейи, ТЭЦ сыяктуу коррупциялык иштер жылдап тергелип жатат, эмне бул иш бир жумада эле тергелип бүтөбү? Же бир жыл бою тергөө созулса, кыргыз эли бир жыл өкмөт башчынын ишке чыгышын күтөбү? Арыдан бери болуп, чечкиндүү кадамдар керек азыр. “Свои” деп коргогон менен, болбой калды бул жагы. Менде күч органдарына дагы бир конкреттүү суроо.

Жакында Казакстандагы “Верный капитал” инвестициялык компаниясынын жетекчиси, Билайндын кожоюндарынын бири Ерлан Оспанов жана Билайндын Кыргызстандагы жетекчиси Евгений Кражан премьер-министр Абылгазиев менен жолугушкан. Билайндын чоңдору менен өкмөт башчы жыштыкты сүйлөшпөсө, кайсы темада сүйлөшүү болду? Эмне үчүн жолугушуу коомчулукка чагылдырылган жок, өкмөт башчынын кимдерди иш убактысында кабыл алганы ачык болушу керек да. Ошол жолугушуунун протоколун, хронологиясын элге жарыялап койсоңуздар, эмне тууралуу сөз болду, албетте, Билайндын өкүлдөрү менен төө бурчак же футбол жөнүндө сөз болмок беле, эмне үчүн так ушул жыштыкты аукционсуз, бекер алган компаниянын өкүлдөрүн премьер-министр мырза кабыл алган?” – деп жазган Жанар Акаев.

Радио жыштыктарды сатуу боюнча чуулгандуу окуя бул боюнча  бир нече кылмыш иштери козголгондон кийин белгилүү болгон. Бул боюнча мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчилигине жана УКМК кызматкерлерине айып тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын кайра каттап, мыйзамдарды бузган. Мындан улам мамлекетке зыян келтирилген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жыштык чуусунан улам тергөө аяктаганча деп эмгек өргүүсүнө чыккан.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: