Климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу биз 2040-жылга чейин шоколадды жоготуп алышыбыз толук мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 2-июнда БУУ Twitter социалдык тармагындагы расмий баракчасына жарыялады.
“Себеби шоколад дарагы экватордун боюнда 20º түндүк жана түштүк кеңдиктин ортосундагы тар тилкелерде гана өсөт. Ал жердин климаты жылуу жана нымдуу. Тактап айтканда дүйнөлүк шоколаддын жарымынан көбү Кот-д-Ивуар жана Ганада өндүрүлөт”,- деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ