Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы Кубатбек Оторбаевди “Кыргызстан” саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен чыгарганы маалым болгону кабарланган. Мындай чечим талапкер Оторбаевден түшкөн арыздын негизинде кабыл алынгандыгы баса белгиленген.
Чындыгында Кубат Оторбаев “Кыргызстан” партиясынан талапкерлердин жаңы тизмесинде талапкер катары көрсөтүлгөн эмес. Бул 2015-жылы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоого чейин түзүлгөн тизме. Оторбаев партиянын тизмесинде 72-орунда турган.
Белгилей кетсек, учурда Оторбаев «Санарип Технологиялары» ЖЧКсынын башчысы болуп иштейт, буга чейин ал Кыргызстандын акыйкатчысы болгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ