Кечээ, 14-майда кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек автожолу” өткөрмө пунктунда салмак габаритти көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлери менен айдоочунун ортосунда чыр чыккан. Чыр-чатактын видеосу социалдык тармактарда тарады.
КР транспорт жана жолдор министрлиги Ак-Тилек өткөрүү пунктундагы кызматкерлер менен айдоочуунун ортосундагы чыр тууралуу билдирүү тараткан.
Министрликтин айтымы боюнча, кечээ, 14-майда өткөрмө пунктунда көзөмөл кызматкери менен айдоочунун ортосунда чыр чыккан. Буга байланыштуу КРнын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Автомобиль, суу транспорту жана салмак-тыш өлчөм көзөмөлдөө агенттиги тарабынан иликтөө иштери башталган. Иликтөө аяктаганга чейин эки кызматкер кызматтан четтетилген.
“Окуяны видеого тарткан айдоочунун дагы чыр чатакты козутуучу талаптары болушу мүмкүн экендигин эскертебиз. Окуянын бардык себептери иликтөө кызматы тарабынан аныкталат жана анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт”, – деп айтылат министрликтин маалыматында.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ