Menu

КСДПнын тагдырын Бишкектин Биринчи Май райондук соту чечет

Бөлүшүү:

Кечээ, 2-июнда Жогорку сот Сагынбек Абдрахмановдун кассациялык даттануусун карап, Биринчи Май райондук жана Бишкек шаардык сотторунун Абдрахмановдун доо арызын кароодон баш тартуу жөнүндө чечимин жокко чыгарып, ишти кайрадан тергөө үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөттү.

Соттун мындай чечими КСДП кимге таандык экендиги тууралуу талаш-тартыштар жок дегенде дагы бир жылга созулат дегенди билдирет.

Ошентип, КР Юстиция министрлигинин реестринде КСДП партиясынын лидери Сагынбек Абдрахманов кала берет. Бирок, анда партиянын документтеринин түп нускасы, мөөрү, уставы жок.

Белгилей кетсек, Эскерте кетсек, 2019-жылдын 18-апрелинде Юстиция министрлиги КСДПнын юридикалык тараптарынын реестрине өзгөртүү киргизген. Анда партия лидери Алмазбек Атамбаевдин ордуна Сагынбек Абдрахманов жазылган. Ал дароо партиянын мөөрү менен акчасын талап кылган. Ошондой эле уюмдун дареги өзгөртүлгөн. Атамбаев сотко да, Башкы прокуратурага да кайрылган. Бирок Сагынбек Абдрахманов бардык соттордун баскычтарынан уткан.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: