Бүгүн, 26-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын жанында “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын митинги болуп өттү.
Митингчилер кайра шайлоонун белгисиз мөөнөткө жылдырылып жаткандыгына нааразы болуп, Садыр Жапаровго кайрылып, бул чечимден баш тартууну өтүнүштү.
Партиянын тарапкерлери кайрадан шайлоо 20-декабрда өтүшү керек деп эсептешет.
Талаптар Борбордук шайлоо комиссиясына, ошондой эле Садыр Жапаровдун кабылдамасына өткөрүлүп берилди.
Эске сала кетсек, 6-октябрда 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктары жараксыз деп табылган. Алардын алдын-ала жыйынтыктары боюнча үч гана партия парламентке өтүшү керек болчу, бирок кол менен саноонун жыйынтыгы боюнча бул партия дагы парламентке өттү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ