Menu

Адилет Айтикеев, АКШнын тургуну: “Азаттык” өзүнүн актуалдуулугун жоготту, эми жаап эле салыш керек”

Бөлүшүү:

УКМКнын “Айэркен Саймаити “Азаттыктын” журналисттерин жалдап, аларга 100 миң доллар акча берген” деген билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууланып жатат.

Бул билдирүүгө “Азаттыктын” журналисти Али Токтокунов жооп кайтарып, Саймаитиден эч кандай акча албаганын, аны каралап жатканын билдирди.

Сенсациялуу маалыматты уккан коомчулук социалдык тармактарда кызуу талкууга алып, кээ бирлери бул маселе боюнча элдин пикирин билүү максатында сурамжылоо уюштурган.

“Санжыра” радиосунун директору Айдай Ивакова Фейсбуктагы баракчасына “Азаттыктын” журналисттеринин акча алганына ишенесиңерби? деп суроо салган.

Бул постко комментарий жазгандардын кээ бирлери ишенем десе, кээ бири ишенбей, УКМК калп айтат дешкен.

НТС каналынын директору Миржан Балыбаев да бул талкууга катышып, өз пикирин жазган.

“Журналисттерге 100 000 $ берем деп, бирок бербей койгон. Ага жини келген журналисттер аны атып салышкан. Так что и баксов нет, и фактов нет” – деп комментарий калтырган.

Талкууга АКШда жүргөн журналист Адилет Айтикеев да кошулуп, “Азаттыктын” актуалдуулугун жоготконун айтып, аны жаап салуу керектигин белгилеген.

“Азаттык актуалдуулугун жоготту. Жаап эле салыш керек. Америка мага окшогон салык төлөөчүлөрдүн эсебинен аларды каржылайт. Алар болсо өз билгенин кылышат. ГКНБ айткан факт далилсиз. Бул жерде көп суроо бар. Бирок “Азаттык” жабылышы керек” – дейт Адилет Айтикеев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 67 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: