Menu

Видео – УКМК Камил Рузиевге козголгон кылмыш иштин чоо-жайын айтып берди

Бөлүшүү:

УКМКга “Вентус” укук коргоо уюмунун жетекчиси Камил Рузиевдин дарегине алдамчылык иш-аракеттери боюнча бир нече арыз түшкөн. Бул тууралуу УКМКнын Ысык-Көл облустук бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, Камил Рузиевдин жактоочулук лицензиясы жок.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал кылмыш ишинин материалдарын укук коргоо жана сот органдарына алып барам деп алдамчылык жол менен жарандардан акча алган. Бирок ал бардык милдеттенмелерин аткарган эмес.

“Арыз менен кайрылган Р.Ф. аттуу жаран адвокаттык кызмат көрсөтүүнү убада кылган Камил Рузиевге карата чара көрүүнү суранып, анын ордуна үйүнө мончо куруп берүүсүн талап кылды. Анын курулуш иштерине Р.Ф. 100 миң сомдон ашык каражат сарптаган. Мындан тышкары, дагы бир Ш.З. аттуу адамдан арыз келип түшкөн. Ал белгилегендей, Камил Рузиев анын жумуш ордун сактап калууну убада кылып, андан 45 миң сом алган. Бирок анын жактоочулук боюнча лицензиясы жок болгондуктан соттук отурумдарына катышкан эмес. Дагы бир К.М. аттуу жаран уулунун кызыкчылыгын коргоо үчүн укук коргоочуга талап кылынган 35 миң сомдун 14 миң сомун төлөп берген. Бардык фактылар “Алдамчылык” беренеси боюнча Кылмыш жана жоруктар реестрине катталды”,- деп айтылат билдирүүдө.

Коопсуздук кызматкеринин айтымында, ыкчам-издөө иш-чаралары учурунда Камил Рузиев жасалма медициналык тактама колдонуп, Каракол шаардык сотунун чечимдерине даттануунун жол-жоболук мөөнөттөрүн калыбына келтирүүгө аракет кылгандыгы аныкталган.

“Камил Рузиев, жүйөөсүз себептерден улам, Каракол шаардык сотунун чечимдерине даттануунун процесстик мөөнөттөрүн өткөрүп жиберип, облусттук сотко үй-бүлөлүк медицина борборунан жасалма медициналык күбөлүк тапшырган. Документте 2020-жылдын 24-январынан 18-февралына чейин амбулатордук дароолоодо жаткандыгы көрсөтүлгөн. 11-мартта Ысык-Көл облусунун прокуратурасында Кылмыш-жаза кодексинин «Документ жасоо» беренеси боюнча катталган”,- деп айтылат билдирүүдө.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Камил Рузиевге байланыштуу бардык тергөө аракеттери видеокамерага жазылды деп ишендирет. Видео мамлекеттик комитеттин кызматкерлеринин ага карата физикалык жана психологиялык кысым колдонулбагандыгын айгинелейт.

Укук коргоочунун амбулатордук карточкасындагы дарылангандыгы тууралуу тактамасы, жана учурда ал кайсыл жакта экендиги жөнүндөгү  жазылмалар жокко чыгарылат.

Эске салсак, УКМКнын кызматкерлери 31-май күнү кечинде Караколдо укук коргоочуну кармап кетишкен. Бир күндөн кийин сот аны үй камагына чыгарган.

Жарандык активисттер укук коргоочунун кылмыш жоопкерчилигине тартылуусуна нааразы. Камил Рузиев юрист катары милиция тарабынан кыйноого алынгандарга жардам берип келген. Ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине мыйзам бузуулар жөнүндө маалымат берет. Ал эми жарандык активисттер бул кылмыш ишин укук коргоочудан өч алуу деп эсептешүүдө.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 + = 89

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: