Menu

Фергана облусунун башчысы Сохтогу “чырлуу” кыштакты картадан чийип саларын айтты

Бөлүшүү:

Социалдык түйүндөрдө Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевдин үнүнө окшогон киши Сох районунун жашоочулары менен өткөн жолугушууда “чек араны жаап, чырлуу кыштакты картадан чийип салам” деп опузалаган аудиожазуу тарады.

Фергана облустук акимчилиги бул аудиожазуу боюнча комментарий бере элек.

Аудиожазууда Шухрат Ганиевдин үнүнө окшогон киши жергиликтүү 74 жашоочуну түрмөгө камап, “чырлуу кыштакты” картадан чийип, бүтүндөй Сох районун камсыздоосуз калтырарын айткан:

– Ферганага 74 кишини ала кетейинби же жокпу?.. Эгер ушундай окуя дагы бир жолу кайталанса, мен мындан ары бул жакка келбейм… Ленбургдан (Сох анклавындагы өзбек айылы) ким келди? Биз аны Сох районунун картасынан чийип, камсыздоосуз калтырабыз! Силер бул жерде бизге маселе жаратуу үчүн отурасыңарбы?! Азыр 74 жигитти түрмөгө камап коебуз, ошону каалайсыңарбы?

31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын ортосунда булак талаштан катуу чыр чыккан. Чатактан Кыргызстан тараптан 25 адам түрдүү жараат алган, эки адамдын абалы оор. Өзбекстан 187 жараны жарадар болгонун кабарлаган.

Жаңжалга байланыштуу Сохко Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өзү келип кеткен жана ал Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов менен жолуккан. Аймактагы абалды 1-июнда эки өлкөнүн президенттери телефондон талкуулаган.

Ушул аптагын аягына чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Фергана облусуна барары айтылган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: