Бүгүнкү күндө ата-энеси белгисиз 42 бала жашайт. Тактап айтканда, алардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө атасы жана энеси деген графасы бош. Бул тууралуу кечээ, 3-июнда Жогорку Кеңеште “Жөлөк пулдар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча” мыйзам долбоорунда депутат Курманкул Зулушев айтты.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоровдун айтымында, ошол 42 баланын укугу азыркы учурда сакталбай жатат.
“Азыр ушул 42 баланын укугу сакталбай жатат. Эгер мыйзамга биз сунуштап жаткан өзгөрүүлөр киргизилсе, аларга ай сайын 2 миң сомдон берилип турат. Тагыраагы, балдардын атына банкта эсеп ачылып, акча каражат ошол жакка чогулат. Кийин бала 18 жашка чыккан соң каражатты колдонуп, турмушун улантып кетет”, – деп билдирди министр.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ