Таласта убактылуу кармоочу жайга киргизилген адам өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борборунун аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурлан Абдыраимов билдирди.
Анын айтымында, өз өмүрүнө кол салуу аракети 30-майдан 31-майга караган түнү болгон. Бирок бул тууралуу 2-июнда изоляторго барганда белгилүү болгон.
Жаш жигит колун жана курсагын кесип салган. Ошондой эле ал ата-энесине кат жазып, кечирим сураган. Мындай кадамга эмне үчүн барганын түшүндүргөн жок. Ага учурда медициналык жардам көрсөтүлдү. Кара-Буура районундагы убактылуу кармоочу жайына которулду.
“Кечээ, 3-июнда баланын апасы келип, ата-энеси уулунун өмүрү үчүн коркуп жатышканын айтышкан. Жаш жигит коркутуулар болуп жатканын билдирди, бирок ким тарабынан экенин айткан жок. Бала арыз жазуудан баш тартып койгон”, – деп билдирди Абдыраимов. Бул жөнүндө топтолгон материалдар прокуратурага жөнөтүлөт.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ