Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев Бишкек шаарында райондук администрациялар бала-бакчада иштеген кызматкерлерди жана жаш балдарды коронавируска анализ тапшыргыла деп талап коюп жатканын билдирди.
Анын айтымы боюнча, көптөгөн ата-энелер кайрылган. Аларды акимдердин орун басарлары чогултуп, “коноравируска анализ тапшыргыла, тапшырбасаңар бала-бакчалар ачылбайт” дешкен.
“Эртеңден баштап бала бакчалар ачылат. Бирок кечээтен бери мага Бишкек шаарынан бир топ ата-энелерден кайрылуулар болуп жатат. Аларды райондук администрацияларда акимдин орун басарлары чогултуп, ультиматум коюп жатыптыр. Эгерде, бала-бакчага барган ар бир бала, бала бакчалардын кызматкерлери вируска анализ тапшырбаса, анда силердин бала бакчаңарды ачпайбыз деп, шар коюп жатышыптыр. Бул туура эмес. Анализ тапшыруу үчүн 2 миң 300 сом керек. Аны алар кайдан тапмак эле? Шаар мамлекеттик бала-бакчалардан сырткары, 200дөн ашык жеке менчик бала бакча бар экен. Бул ата-энелер, кызматкерлер үчүн чоң акча деп ойлойм. Мамлекетке бир топ жардамдар келип жатат. Эл аралык уюмдар, жеке ишкерлер жардам беришүүдө. Бүгүн бул маселени республикалык штабдан карап, чечип берсеңиздер” – деп депутат өкмөттүн өкүлүнө кайрылды.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ