Өспүрүм кыздарды зордуктаган адамдар абакта отурушу керек. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова билдирди.
“Апта башында эле Балдарды коргоо күнүн белгилеп, бардыгыбыз балдарыбызды куттуктаганбыз. Бирок бүгүнкү күндө 13 жашар кыздын энеси жана жактоочусу кайрылды. Судья 13 жашар кыздын жашоосуна чоң таасирин тийгизди. Соода борборунда кичинекей кыз ажаатканага кетсе, ал жерден кызды зордуктап салышкан. Бул боюнча экспертизалар бар болгонуна карабастан зордуктоого шектелген жаранды актап, эркиндикке чыгарып коюшту. Мындай болбош керек. Бул шектелген жаран боюнча бир эле факты эмес. Ал 22 жашта. 13 жаштагы кызды зордуктап кеткенин билип, кое бергени туура эмес иштердин бири. Өспүрүм кыздарды зордуктаган адамдар абакта отурушу керек. Ушундай сотторго нааразымын. Бул ишти Жогорку Сотто калыс карап берүүсүн суранам”, – деп билдирди депутат Мамашова.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ