Menu

Кылычбек Султан эмес, ТИМ башчысы кетиши керек!

Бөлүшүү:

Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги чет мамлекеттерде өткөрүлчү иш-чараларга бара турган адистерди тандоодо бийликти кылдат болууга чакырды. Элчиликтин 1-октябрдагы билдирүүсүнө ылайык, туура эмес тандалган адистер өлкөнүн аброюна зыян келтирүүдө.

“Курорттор ассоциациясынан Мирлан Усубалиев баштаган Элгиз Рысалиев менен Бекжан Мирбеков бул өлкөгө барган. Элчилик аларга виза жагынан көмөктөшкөн. Бирок Рысалиев менен Мирбеков ошол бойдон Кыргызстана кайткан эмес. Муну менен алар Кореянын миграция мыйзамын бузду. Алардын мындай кадамдары Кыргызстандын мамлекеттик органдарына Кореянын бийлигинин ишенимин жоготот”,- деп жазылат маалыматта.

Акыркы кезде бир топ резонанстуу билдирүүлөрдү жасаган Кылычбек Султанды КР Тышкы иштер министрлиги кызматтан алуу сунушу менен президентке кайрылган. Бул боюнча кызматтык териштирүү жүрүүдө. Ал эми коомчулук ТИМдеги коррупциялык фактыларды ачык айткандыгы үчүн Кылычбек Султанды кызматтан алууга ашыккан министр Эрлан Абдылдаевге аябай каршы турууда. “Эмнеге элчи чындыкты айтканы үчүн жазаланышы керек. Тескерисинче ошол коррупцияга жол ачкан министр өзү баш болуп жоопкерчиликке тартылышы керек!”- деген посттор соцтармактарда жайнап кетти. Чын да! Эмне, Абдылдаев Кудай болуп кеткенби? Министрлик анын гана жеке энчисиби?

Булак: «Майдан»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: