Бүгүн, 2-майга карата республикада коронавирус илдетин жуктурган бейтаптардын саны 769 адамга жетти. Алардын ичинен 410у аял кишилер ал эми 359у эркек адамдар. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүк брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Коронавирус менен жабыркагандардын жаш курагы:
– 0 жаштан 15 жашка чейин – 104 адам (анын ичинде 1 жашка чейинки 5 ымыркай бар);
– 16 жаштан 19 жашка чейин – 22 адам;
– 20 жаштан 35 жашка чейин – 221 адам;
– 36 жаштан 55 жашка чейин – 261 адам;
– 56 жаштан өйдө – 161 адам.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ