Бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков парламенттин жыйынында депутаттардан беткап кийип отурууну суранды.
Саламаттыкты сактоо министрлиги коомдук жайларда жарандар медициналык беткаптарды кийип жүрүшү керектигин эскерткен.
Жыйында бир катар депутаттар беткапсыз отурушкан. Төрага аларга айыппул салынарын эскертти.
“Урматтуу депутаттар, сиздерден мыйзамды сыйлап, беткап кийип отурушуңуздарды суранам. Бул жер мамлекеттик орган. Бет кап кийбегендерге айып пул салынат. Сиздерге айыппул келип калбасын. Сиздер башкаларга үлгү болушуңуздар керек. Азыр ушундан улам, көптөгөн суроолор келип чыгууда”,- деди Жумабеков.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ