Генпрокуратура радиожыштык спектрин колдонуу технологиясы жана лицензияны кайра каттоо боюнча кылмыш ишин эмне себептен Аскер прокуратурасына өткөрүп бергенин түшүндүрдү.
Белгиленгендей, 7-апрелде КР Мамлекеттик байланыш агенттигинин башчысы Наталья Черногубова менен анын орун басары Замирбек Мамбеталиевдин үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш иши ачылган.
“Ушул окуялардын айрым учурларында айрым укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кызыкчылыгы аныкталгандыгын эске алганда, 11-майда Башкы прокуратура ишти Кылмыш-процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык, Аскер прокуратурасына өткөрүп берген. Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын ведомстволор аралык тергөө тобу түзүлгөн”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, бул иликтөөлөр мамлекеттик ишмердүүлүктүн маанилүү чөйрөлөрүнө таасирин тийгизет, ал эми аларды ачыкка чыгаруу мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары үчүн жагымсыз кесепеттерге алып келет.
“Мамлекеттик сырды сактоо жөнүндө” Мыйзамдын талаптарына ылайык, сотко чейинки өндүрүштүн материалдары жашыруун болгон.
Кылмышка шектүү экендиги жөнүндө бир катар адамдарга расмий билдирүүлөр берилди, кылмыштын бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү иликтөө боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, мамлекеттик кызматкерлердин жана башка адамдардын катышуусу текшерилип жатат.
Радио жыштыктарды сатуудагы чуулгандуу окуя бул боюнча бир нече кылмыш иштери козголгондон кийин белгилүү болгон. Мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчилигине жана УКМК кызматкерлерине айып тагылган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, УКМК Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын кайра каттап, мыйзамдарды бузган. Башкы прокуратура бул келишим мамлекетке олуттуу зыян келтирди деп эсептейт.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ