Menu

Видео – Каныбек Иманалиев: “Экономиканын жылдык өсүшүн 8%дан жогору кылыш үчүн 5 жылга жакын убакыт талап кылынат”

Бөлүшүү:

“Экономиканын жылдык өсүшүн 8%дан жогору кылыш үчүн 5 жылга жакын убакыт талап кылынат” – деп билдирди бүгүн, 5-июнда депутат Каныбек Иманалиев бир катар мыйзам долбоорлору боюнча парламенттик угууда.

” Ал үчүн 3 эле жол бар. Биринчиден, соода агымын көбөйтүү үчүн Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу керек. Бирок жакынкы 3 жылда кризиске байланыштуу анын курулушу күмөн. Экинчиден, бул коррупцияга каршы күрөш. Коррупция менен күрөшүп жатабыз, бирок системдүү жолун таба элекпиз. Үчүнчүдөн, эң оптималдуу жолу – экономикалык реформалар. Ушул реформага барууга пандемия себепкер болду. Себеби, бул мыйзамдарды парламентке 2 жыл мурун эле алып келсек, парламент дагы, өкмөт дагы колдошкон эмес. Кризис реформага барууга аргасыз кылды. Бул мыйзамдар негизинен 3 багытта – экономикада жаңы сегменттерди табуу, салык саясатын жөнөкөйлөштүрүү жана өнүктүрүү, бизнеске болгон административдик жүктү азайтуу” – деп билдирди депутат. 

“Быйыл 14 мыйзам тең өтүп кетет деп ойлобойм. Бирок, 3-4 мыйзамды (фискалдаштыруу, салыкты электрондук төлөө жана электрондук коммерция) сентябрь айында киргизсек, экономикага чоң пайдасын алып келет. Электрондук коммерцияга өтсөк, толук болбосо да 40%, бюджетке 8-10 млрд сом түшөт. Акыркы 2 айда Дүйнөлүк банктан, Дүйнөлүк валюта фондусунан, Азия өнүктүрүү банкынан 435 миллион доллар таптык, анын жарымы кредитке алынган. Ал эми фискалдаштырууга өтсөк, бюджетке 20 млрд сом алып келет” – деп билдирди Каныбек Иманалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: