Миллионго жакын этникалык кыргыздар өлкөгө келе албай жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда «Республика – Ата Журт» парламенттик фракциясынын жыйынында депутат Адыл Жунус уулу билдирди.
“Биздин фракциянын чечими менен бүткүл дүйнөдөгү этникалык кыргыздарга чакыруусуз, бир жылга чейин акысыз виза берүү жөнүндө токтом кабыл алынып, ошол токтом 2018-жылы 1-2 ай иштеп эле токтоп калды. Ошол токтом эмнеге токтоп калганын, буга чейин Тышкы иштер министринин орун басары менен жолугуп, сурадым. Алар электрондук виза ачылганына байланыштуу, иш токтоп калды деп жооп беришти. Бирок ачык жооп боло элек. Тышкы иштер министрлиги кат түрүндө эмес, иш жүзүндө көрсөтүп жооп берсин. Миллионго жакын этникалык кыргыздар туугандары, жакындары жок болгонуна байланыштуу өлкөгө келе албай жатышат. Анткени туугандары гана чакыруу жөнөтө алат. Ушул этникалык кыргыздарга биз жакшы шарттарды түзүп берсек жакшы болмок”, – деди депутат.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ