Menu

Кыргыз Республикасынын Баатыры Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына карата “Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгы жарыяланат

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер, легендарлуу мурдагы маданият министри, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлүйпа Кондучалованын туулганына 2020 – жылдын 15- июнунда 100 жыл толот.
Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмердин мааракеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик деңгээлде өткөрүлүүчү мааракелердин тизмесине кирген. Мааракелик чоң салтанат ушул жылдын күз айларында жалпы коомчулуктун катышуусунда белгиленүүсү күтүлүүдө. Ал эми залкар инсандын туулган күнүн утурлай Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Күлүйпа Кондучалова жана кыргыз маданияты” жумалыгын жарыялады. Жумалык өлкөдөгү өзгөчө абалга ылайык онлайн форматта өтөт.
Жумалыктын алкагында Күлүйпа Кондучалованын Кыргыз маданиятынын өнүгүп өсүшүнө жана калыптанышына кошкон салымдарын чагылдырган атайын түз эфирлер, онлайн-көргөзмөлөр, маданий иш- чаралар уюштурулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: