Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков көк бөрүчүгө унаа белек кылды. Бул тууралуу спикер Инстаграм социалдык баракчасына жарыялаган.
Анда Жумабеков 2019-жылдагы мыкты көк бөрүчүлөрдүн бири Кушчубай Илис уулуна “Фольксваген Вента” үлгүсүндөгү автоунааны тартуулаган. Ал унаанын ачкычын Бишкекте Жогорку Кеңештин имаратынын жанында тапшырган. Жаш спортчуга төрага ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалап өттү.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ