Menu

Руслан Казакбаев, ЖК депутаты: “Мектептерде Дин таануу жана Манас таануу сабагын киргизүү кечиктирилип жатат”

Бөлүшүү:

Депутат Руслан Казакбаев мектептерде Дин таануу жана Манас таануу сабагын киргизүү кечигип жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

“Дин таануу маселеси бизде эле эмес, көп өлкөлөрдүн мектептин программаларына киргизүү талкууланып келет. Көптөгөн өлкөлөрдө киргизилип калды. Бизде ушул талаш-тартыш маселе болду эле. Дин таануу сабагын киргизүү керек. Ошону менен кошо Кыргызстанда Манас таануу сабагын да киргизүү зарыл деп окуу китептери да дайын болгон. Дин таануу, Манас таануу боюнча залкар жазуучуларыбыз жазып, өзүнүн окуу китептерин Билим берүү министрлигине сунуштаган. Азыркы убакта мектептерде бул сабактар окутулуп жатабы?”, – деп сурады депутат.

“Манас таануу сабагы жогорку окуу жайларында киргизилген. Ал эми мектептик программага болсо кыргыз тили, адабияты, тарых жана тиешелүү сабактардын бардыгынын ичине стандартка, программага киргизилди. Ошондой эле Дин маданиятынын тарыхы боюнча окуу китептер даяр болсо, окуу планына киргизүү мерчемделүүдө”, – деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Депутат Казакбаевдин айтымында, бул сабактарды киргизүү азыркы учурда кечиктирилип жатат. Ушундан улам Дин маселеси коомдо көп талкууланууда. Балдар жана кыздар бойго жеткенден кийин гана динди окуп, таанып жатат. Негизи динди мектептерде тааныштырыш керек болчу.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: