Menu

Садык Шер-Нияз: “Шайлоо өнөктүгүндө КТРК негизги ролду аткарат. Ар-намыс, абийир менен иштеп берүүңүздөрдү суранам”

Бөлүшүү:

Депутат Садык Шер-Нияз КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоо өнөктүгүндө ар-намыс менен иштөөгө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

“Силерден негизги нерсеге көңүл бурууңуздарды суранам. Шайлоо өнөктүгү жакындап калды. Шайлоо өнөктүгүндө улуттук канал болгондуктан КТРК негизги ролду аткарат. Шайлоо учурунда маданиятыбызга ыплас оюндар жүрөт. Буга чейин да Байкоочу кеңешке айтып келгем. Ушундай болушу күтүлүшү мүмкүн. Ошол шайлоо өнөктүгүндө сиздер активдүү болуп, ар-намысыңыздар, абийириңиздер менен иштеп берүүңүздөрдү суранат элем. Анткени бирөөгө көө жабуудан ошол инсандын башка жолун, үй-бүлөсү, укугу бар экенин ойлосок, ушул руханий принциптерди кармап, бекем туруп берсеңер шайлоо өнөктүгү таза болот, калыс болот”, – деди депутат.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: