Бүгүн, 9-июнда Бишкекке Түркиядан 328 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Анда жарандар “Turkish Airlines” чартердик авиакаттам менен учуп келишкен. Бардык келген мекендештер тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылган.
Белгилей кетсек, кечээ, 8-июнда 3 кыргызстандык Ирандан Бишкекке кайтып келген. Чет мамлекеттерде жүргөн мекендештерди кайтаруу иштери улана берет.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ