Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинде шек саналгандардын ичинен тергөө менен кызматташкандардын иши да сотко өттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, Бишкектин Свердлов райондук соту шек саналган 13 адамдын ишин карайт. Тергөө менен кызматташып, чындыкты жашырбай болгонун-болгондой айтып бергендердин иши өз алдынча бөлүнүп, жеңил процедуралар жана жазалар менен өтөт.
“13 адамдын иши сотко кетти. Али Касымов деген адвокат боюнча тергөө жүрүп жатат. Дагы бирөөгө издөө жарыяланган”, – деп айтылат мааламатта.
Эскерте кетсек, Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарындагы абактан чыккан жана атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, Россияга учуп кеткен.
Анын мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш иши 2019-жылдын январында кайра иликтене баштаган. Иш сотко ошол жылдын октябрында өтүп, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баштаган 19 кишиге айып тагылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ