Араванда дыйкандар өстүргөн жашылчаларын сата албай жабыр тартып жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Кубанычбек Нурматов билдирди.
“Мына өзүңүздөр бүт маалыматтардан Араван району боюнча көрүп жатасыздар. Дыйкандар эгин эккенде бардык өкмөт барат дагы, аны бүт жаңылыктардан көргөзөсүздөр. Азыр мына жабыр тартып жатканда эч ким барбай жатат, эч ким кабар албай жатат. Эккен эгиндин көчөттөрү 5 сомдон болгон. Азыр аны дагы актабай жатат. Кээ бирлери 200 – 300 миң сомдоп кредит алып алгандар бар. Коронавирус учурунда жабыр тарткандарга деп бир топ акча келбедиби. Жок дегенде эккен көчөтүнүн акчасын кайтарып берип коюңуздар.
Анан экинчиден Нарындагы Абиров мектебин билесиздер контейнер боюнча былтыр 2019-жылы 3 млн бөлүнгөн. Котлованы казылып, забору тосулган бойдон турат. Бул качан бүтөт?
Аравандагы Бекен мектебин 15 жылдан бери ӨКМ жабып койгон. Азырга чейин бул курулган жок, эч кандай чара көрүлгөн жок. Бул жерде 1 партада 4төн бала окуп жатат. Бул маселени карап беришиңиздер керек”, – деди депутат Кубанычбек Нурматов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ