Menu

Кытай окумуштуулары COVID-19дун вакцинасын маймылдарга сынашты

Бөлүшүү:

Кытай окумуштуулары COVID-19га каршы маймылдарга жасалган вакцинанын сыноосунун жыйынтыктарын жарыялашты.

Вакцина SARS-CoV-2 вирусуна каршы туруктуу коргоочу касиетке ээ экенин көрсөткөн. Бул тууралуу “Синьхуа” Cell журналына жарык көргөн илимий макалага таянуу менен билдирди.

Вакцинада инфекциялык ооруларды козгогон өлгөн микроорганизмдер колдонулган.

BBIBP-CorV препаратын Пекин биологиялык продукциялар институту, Кытайдын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору, Медициналык илимдер академиясы биргеликте сынаган.

Маалыматка караганда, антитело организм клеткаларын патогендик же инфекциялык бөлүкчөлөрдөн коргоп, алардын биологиялык активдүүлүгүн жок кылат.

Мындан тышкары вакцина өндүрүштө жогорку өнүмдүүлүгү жана генетикалык туруктуулугу менен айырмаланат.

Соңку айларда көптөгөн өлкөлөрдө окумуштуулар коронавирустун жаңы тибинин вакцинасын сыноону башташкан. Айрымдар эксперименттерди жаныбарларга, кээ бири кишилерге жасоодо. Эгер вакцинанын тестирлөөнүн методикасы өзгөрбөсө, сыноолордун жыйынтыгы бир жарым жылдан кийин белгилүү болору айтылууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: