Бүгүн, 12-июнда Бишкекте жайгашкан “Сары-Челек” ресторанында 200 адамдын катышуусунда массалык иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу шаардык мэрия Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
Маалыматка караганда, мэриянын кызматкерлери рейдке чыгышкан. Текшерүү учурунда бул жерде куран окутулган. Ресторандын асты унаага толгон. Келген адамдардын саны 200. Мэриянын кызматкерлери бул көрүнүштү видеого тартып, официалдуу баракчага жүктөгөн.
Эскерте кетсек, эки күн катар менен Сухэ-Батор көчөсүндө жайгашкан “Кайнар” ресторанында дагы массалык иш-чара болуп өткөн. Текшерүү учурунда ал жерде 50 эмес андан көп адамга куран окутулуп, санитардык эрежелер бузулган. Мындан улам, ресторанга 3 миң сом айып пул салынып, ал белгисиз мөөнөткө чейин жабылган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ