“Акыркы 25 жылда чет элдик компаниялар алар менен түзүлгөн келишимдерде кен чыккан жерде алтын иштетүүчү заводдорду куруу милдети так көрсөтүлгөнүнө карабай, күнү-түнү элдин, мамлекеттин кен-байлыктарын эч көзөмөлсүз руда түрүндө ташып кетип жатышат”, – деп билдирди 11-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айнуру Алтыбаева “КР Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда.
“Биз алтын кен-байлыктарды арзан баадагы буюмдарга же түстүү мончокторго саткан африкалык мамлекет эмеспиз. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттеринин отурумдарында мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда алтын кен-байлыктарын руда түрүндө ташып кетип жаткандарга салык жүгүн 3%дан баштап, бир нече жылдан кийин – 10%га этап менен киргизүү сунуштары айтылды. Бирок бул өлкө үчүн пайдасыз болот. Бир-эки жылда алтындын баары ташылп кетип, эмнеси калат? Алтын – орду толгус байлык да. Бул деген быйыл сатып, кийинки жылы кайра отургуза турган картошка эмес да. Муну эске алуу керек, айрыкча алтындын баасы жыл өткөн сайын көтөрүлүп жатат”, – деп билдирди Айнуру Алтыбаева.
Ал ошондой эле, тоо-кен казып алуучу компаниялар үчүн кирешеден салыктын 3% өлчөмүн киргизүү алтын казуучу фабрикаларды курууга түрткү болбой турганын кошумчалады.
“Мурунку вице-премьер-министр Дүйшенбек Зилалиевдин үйүн милиция тинткенде чыккан миллиондогон акчалар кайдан келди? Албетте ага ошол чет элдик кен казуучу компаниялар берип турушкан”, – деп кошумчалады Алтыбаева.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ