Menu

Анжиянда милициянын кыйноосуна кабылган жаран каза болду

Бөлүшүү:

Анжиян шаардык ички иштер башкармалыгынын үч кызматкери жергиликтүү тургунду мыйзамсыз кармап, кыйноого алган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу 13-июнда өлкөнүн Башкы прокуратурасынын басма сөз кызматы билдирди.

11-июнда шаардын 32 жаштагы тургуну А.Абдукаримов ооруканада комадан чыкпай каза болгон. Ал 30-майда шаардагы 4-ички иштер бөлүмүнө суракка барып, денесинде кыйноонун тактары менен ооруканага эс учун билбей жеткирилген.

Маркумдун карындашы социалдык түйүндөргө видео жарыялап, агасы 30-июнда шаардык ички иштер башкармалыгынын 4-бөлүмүнө суракка барганын айткан. «Суракка агам сопсоо кеткен, эми карагылачы, комада, өлүм алдында жатат», – деген ал.

Абдукаримов 11-июнда каза болуп калган. Тергөө амалдарынын негизинде үч тартип сакчысына «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу», «Мыйзамсыз кармоо жана камоо», «Кыйноо жана башка адамдын ар намысы менен ден соолугуна зыян келтирген басмырлоо» деген беренелер менен кылмыш иши ачылып, камакка алынышты.

Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, акыркы үч жылда көзөмөл органдарына кыйноо, коркутуу жана ар түрдүү кысымдарга байланыштуу 757 арыз түшкөн, алардын арасынан тартип сакчыларына карата 33 кылмыш иши козголгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 44 + = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: