Бул жолку шайлоо биринчи эле тур менен күм-жам болору кыйын болуп калды. Алдын ала чыгарылган рейтингдер боюнча да кайсыл бир талапкер 50 пайыздан көп добуш алчудай эмес. Кечээ эле президент өзү жарыялаган рейтинг боюнча да алдыга озуп чыккан Бабанов-Жээнбеков да 50 пайыздан көп добушка ээ боло алган эмес. Фаворит делген Жээнбеков 40,4 пайыз болсо, Бабанов 21,8 пайызга ээ болушкан. Бул деген шайлоо биринчи тур менен бүтпөйт дегендин белгиси. Экинчи тур болуп калса, бул рейтинг теңирден тескери да чыгып калышы мүмкүн. Экинчи тур менен президент шайлана турган болсо, анда Бабановдун ити чөп жейт дей бергиле.
Булак: “Жаңы Ордо”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ