Бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйыны өттү. Жыйында депутат Дастан Бекешев алдыдагы парламенттик шайлоодо концерттердин уюштурулушу кандай болот деп сурады.
“Парламенттик шайлоодо үгүт иштери кайсы формада болот? Коронавирус менен ооругандар өтө көп болуп жатат. Бүгүнкү күндү эле алсак өлкөдө 100 адамдан илдет аныкталды. Шайлоо учурунда үйлөрдү кыдырып, концерттерди уюштуруп баштайбыз, элди стадиондорго чакырабыз. Бул учурда оору күчөп кетсе эмне болот?”, – деп сурады депутат Бекешев.
Кубатбек Бороновдун айтымында, шайлоо күнү белгиленген убакта, дарыгерлердин сунушу менен алгоритмдер түзүлөт.
“Шайлоо буга чейин кандай өтсө, ошол жол менен өткөргөнгө аракет клабыз. Ага чейин шарттар түзүлүп, ооруну жоюу үчүн аракеттердин үстүндө иштейбиз. Колдон келген аракетти кылабыз. Шайлоо күнү белгиленген убакта, биз алгоритмди айтканга даярданабыз”, – деди Боронов.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ