Кыргызстанда бир сутка ичинде 32 адам пневмониядан каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда КР Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.
Анын айтымы боюнча, республика боюнча 8 адам, Бишкекте 24 жаран пневмониядан каза болду.
Маалыматка ылайык, март айынан бери өлкө боюнча 382 адам өпкөнүн сезгенүүсүнөн улам көз жумган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ