Кыргыз-тажик чек арасында 50 миңдей норка жана ондарт жандыктарынын терилерин мыйзамсыз ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, Финполициянын кызматкерлери кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Тилек” өткөрүү пунктунда мобилдик топтун курамы менен биргеликте тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө документтери жок чарба буюмдарын ташып бара жаткан “Scania” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаасын кармашкан.
Унаанын жүк бөлүгүн текшергенде, ар кандай керектөөчү буюмдар салынган кутучалардан тышкары, 50 миңдей норка жана ондарт жандыктарынын терилери табылган.
Ошол эле учурда, Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалыматына ылайык, табылган жаныбарлардын терилери өлкөдө бир жылда катталган ондартлардын санынан көп экени аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 500 миллион сомго жакын.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ