Сузактагы окуя: Жубайлардын туугандары эки топко бөлүнүп алышты. Бул тууралуу Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын өкүлү Абдикерим Мусаев билдирди.
Анын айтымында, аялдын туугандары кордогон эркектин жазага тартылышын каалашат, ал эми күйөөсүнүн туугандары анын жоопкерчиликтен кутулуп кетүүсүн көздөөдө.
Анын үстүнө, 24 жаштагы уулу апасынын кеңири маалымат берүүсүнө уруксат бербей жатат. Ал балага өз кезегинде атасынын туугандары кысым көрсөткөн.
Эсиңиздерге сала кетсек, коомчулуктун кыжырын кайнаткан окуя ушул жылдын 8-июнунда Сузак районунда катталган. Анда күйөөсү аялынын моюнуна дөңгөлөктөрдү илип, чакалап суу куюп, бир нече жолу жаагына чапкан. Бул окуядан кийин күйөөсү убактылуу кармоочу жайга камалган.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ