Menu

Шашылыш билдирүү: сел жүрүү коркунучу бар

Бөлүшүү:

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология боюнча агенттиги берген маалыматына ылайык, 2016-жылдын 7-майынан 11-майына чейин аба ырайынын болжолдоо баракчасы.

9-11-майда туруктуу эмес аба-ырайы сакталып турат: мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 9-майда күндүз жана 10-майда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын  кээ бир райондорундо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

10-майда көпчүлүк аймактарда абанын күндүзкү температурасы 8…10° төмөндөп: Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 13…18°, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында 10…15°, тоолуу райондордо 0…5° жылуу, бийик тоолуу райондордо 2 сууктан…3° жылуулукка чейин болушу күтүлөт.

Мындай туруктуу эмес аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

2016-жылдын 6-11-майында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүмкүн.

Бишкек шаарында 7-май күнү түнкүсүн өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 9…11°, күндүзгү жогорку температурасы 22…24° жылуу болушу күтүлөт.

Ош шаарында 7-май күнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 25…27° жылуу болушу күтүлөт.

7-май күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

8-май күнү жана 9-май күнү түнкүсүн кээ бир райондордо 9-май күнү күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 9-май күнү күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын  кээ бир райондорундо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу аймактарда жолдор тоңголок, тайгак болушу күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

10-май күнү көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, 10-май күнү Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорундо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: