Бишкекте велосипеддерди ижарага берүүгө жана батуттардын иштешине тыюу салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, тиешелүү буйрукка вице-мэр Азиз Алымкулов кол койгон.
“Ишкерлер ишин ыйгарым укуктуу органдын атайын буйругунан кийин жана борбордогу эпидемиологиялык абал жакшыргандан соң уланта алышат” – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, Бишкек шаарынын мэриясы баш ийбеген ишкерлерге Бузуулар жөнүндөгү кодекстин 293-беренеси (Ыйгарым укуктуу органдын чечимдерин, аныктамаларын, тескемелерин же талаптарын аткаруу тартибин бузуу) боюнча жоопко тартыларын эскертет.
Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ