Menu

Жапония Кыргызстанга 4,6 млн. доллар берет

Бөлүшүү:

14-июлда Бишкекте кол коюлган келишимге ылайык, Жапония социалдык-өнүктүрүү программасынын алкагында Кыргызстанга 500 млн. иен (4,6 млн. доллар) бермек болду.

Келишимге Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Маэда Сигэки менен Кыргызстандын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева кол койду.

Жапон элчилиги тараткан маалыматта: “Учурдагы коронавирус инфекциясы жайылган кырдаалды эске алып, жапон өкмөтү Кыргызстанга жогорку сапаттуу медициналык жабдуулардын алып бермек болду. Жабдуулар коронавируска чалдыккан адамдарды дарылап жаткан бейтапканаларга бөлүнүп берилет”, – деп жазылган.

Ошондой эле жапон өкмөтү берилип жаткан жардам Кыргызстанда коронавируска каршы күрөшүп жаткан медицина кызматкерлеринин ишин жеңилдетип, өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын COVID-19 пандемиясына каршы ишин бекемдей аларына үмүттөнөрү жазылган.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстан пандемия шартында эл аралык донорлордон 627 млн. доллар алат. Мунун ичинен 321 млн. доллары буга чейин алынды. Калганы күтүлүп жатат.

Жалпы 627 млн. доллардын 26% грант түрүндө берилет. Бул 166 млн. долларга жакын акча. Калганы жеңилдетилген насыя түрүндө, 10 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөткө берилет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: