Menu

Нурлан Мотуев: “Мелис Турганбаевди “каралар” да, “кызылдар” да сыйлашат”

Бөлүшүү:

Кийинки кездерде жаралуу аюудай аркырап, ызасы ичине батпай турган реваншист-АШАчылар эмне гана кылып өлкө ичине ызы-чуу салсак, төнкөрүш жасап ийсек деп, адаттарынча кан төксөк да кайра бийликти алсак деп жулунуп турушат. Кандары ичтерине тартып, көздөрүн кызартышып. Бизнесмен Р. Матраимов кыла жүргөн бизнесиндеги акча которууларды көзүр кармап, бирсүгүнкүгө митинг да белгилеп жиберишти. Азыркы бийлик үчүн опурталдуу болуп турган мындай кыл чайнашкан кырдаалда, Президентке берилген, Мекенин акчага сатып ийбеген командасы керек. Андай команданын күчтүү мүчөсү болуп дуйнөгө белгилүү спортсмен-министр, эркекче жургөн бизнесчи Мелис Турганбаев саналат. Эркекче жүргүнү ушул, угрозыскада иштеп жургөндө, кылмышкерлерди баш көтөртпөй кармап, коомду ар кандай саркындылардан тазалап турчу. Азыркы кээ бир свадебно-кабинетный генералдардай болуп наамды өң-тааныштык эмес, а окопто кылмышкер элементтерди аңдып жатып кармап, өз таза мээнети аркылуу алган жигит. Ошол балбан мужиктик мүнөзү үчүн кылмыш дүйнөсү да Мелис байкени признавать этип, бул киши ЖАМКга чоң болуп келгени, бул система иши кескин түрдө жакшы жагына оңолду. Карасы-кызылы дебей бул кишини сыйлашып, буйруктарын эки кылбоого умтулушууда. Анүстүнө, министр болдум деп курсакты өстүрүп, сауналап жатып албай, Мелис байке спорт менен машыгуусун калтырбай, быйыл дүйнө чемпиондугун күрөш боюнча утуп келди. Кыргыз желеги эл аралык аренада желбиреди. Муну менен чектелип калбастан, бул байке меценаттык ишин улантып, кары-картаң, жарды-жалмачтарга ар тараптан финансылык жардам берип, ак баталарын алып келүүдө. Мына уже 4 жылдан бери саясатка өзүм активдүү катышпай калганым менен ММК, Интернетти үзбөй окуп жүргөн, капталдан карап турганым үчүн мээм сергек, анализим тунук киши катары Ак үй билермандарына береер кеңешим ушул.
Р.S : дагы бир министр, ТИМ жетекчиси Айдарбековтун акыркы кадамдары (орус элчи кенешчисине эскертүү берүүсү, АКШны ары ойночу деп кагып койгону) бизди патриот катары кубандырууда. Мындай күчтүү команда акыркы Президенттерде болгон эмес.

Нурлан Мотуев, коомдук ишмер

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 + = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: