Орусия Тажикстан мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 11,2 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу Орусиянын Душанбедеги элчилиги кабарлады.
Каражат билим берүү мекемелериндеги ашканаларды оңдоого, жабдууга, мектеп кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга, ошондой эле өлкөдө туура тамактануу боюнча маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүүгө жумшалат.
Мындан тышкары долбоордун алкагында 2020-2021-жылдар үчүн орусиялык азык-түлүк товарларын сатып алууга кошумча дагы 10 миллион доллар бөлүнөт.
Тажикстанда бул долбоор 1999-жылдан бери иштеп келет. Москва ага 2010-2015-жылдары 35,5 миллион доллар бөлгөн. Андан бери долбоорду каржылоо мөөнөтү жыл сайын узартылып келет.
Элчи Игорь Лякин-Фроловдун айтымында, бул Орусиянын Тажикстандагы эң ири долбоорлорунун бири жана анын жалпы бюджети 80 миллион долларды түзөт.
2019-жылдын аягында Орусия жакынкы үч жылдын ичинде Тажикстанга беш мектеп куруп берери белгилүү болгон.
Москва 12 жылдан бери Тажикстандагы мектептерге жардам көрсөтүп келет. 2017-жылы Орусия Душанбеге 30, 2018-жылы 48 мугалим жөнөткөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ