Сокулук райондук соту 19 жаштагы В.И. “төрөгөн баласын өлтүрүү” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу соттун өкүмүндө айтылат.
Тергөөнүн версиясы боюнча, кыз түйүлдүктү бойдон түшүрүү үчүн дары ичип, баласын төрөгөндөн кийин таштап кеткен.
Сот жараяны учурунда айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Ымыркай тирүү төрөлүп, бирок ооруканада көз жумган.
Сотто күбө сурак берип, окуя болгон күнү анын кызы келип, дааратканада мышык же ымыркай ыйлап жатканын айтканын билдирген. Кошуналар наристени дааратканадан чыгарганда ал тирүү болчу.
“Сот айыпталуучуну күнөөлүү деп тапты, бирок мунапыс колдонуу менен жазадан бошотту” – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ