Бүгүн, 17-июнда ЖКнын жыйынында премьер-министрликке талапкер Кубатбек Боронов КР Өкмөтүнүн түзүмүн жана курамын аныктаган иш-чаралардын программасы менен тааныштырып, иштин 11 негизги багыттары жөнүндө айтып берди.
“Сиз 11 багытты айттыңыз Өзүңүз ошонун ичинен 3 багытты кайсы айтыңызчы. Контрабанда, таштандыларды кайра иштетүү жана көмүскө экономика боюнча иштерди бүтүрө аласызбы? Ушул 3 багыт боюнча ишти бүтүүрүүгө жан дилим менен аракет кылам деп сөз бериңизчи” – деп сурады депутат.
“Сиз айтып жаткан маселелер боюнча буга чейин дагы көптөгөн жумуштарды жасап келгенбиз. Ошолорду улантып, кыска убакыттын ичинде чоң көрсөткүчкө жетиш үчүн түзүлгөн пландарыбыз бар. Контрабанданын негизги көлөмүн мунай заттары түзүп жатат. Буга байланыштуу май куюучу жайларда автоматташтырылган системасын киргизүү пландаштырылууда. Таштандыларды кайра иштетүү боюнча, кырдаал турукташкандан кийин мэрия ишин уланта берет. Полигон үчүн жерди трансформациялоо жергиликтүү бийлик органдарына өткөрүлүп берилет. Бул дагы ишти алдыга жылдырууга бир топ жардам түзөт деп ойлойм” – деп билдирди Кубатбек Боронов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ