Алардын айтымы боюнча, 21-сентябрда милицияга шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал чала тааныш болгон эркек киши ишеничке кирип, 5-апрелде САТ 0345 экскаваторун алдамчылык менен алып, изин суутуп кеткенин билдирген.
Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. КРнын Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) менен сотко чейинки териштирүү иштери башталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүнүн алкагында кылмышка шектүү катары 1980-жылы туулган жаран кармалган. Ал Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Эгерде кимде ким бул адамга алданып калса, анда 0559939990, 0705310931, 0312432815 жана 102 номерлерине чалса болоорун милиция билдирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ