Тажикстандын Согди облусунун Өзбекстан менен чектешкен аймагында 60ка жакын орусиялык жаран өтө албай турат. Бул тууралуу «Азия-Плюс» агенттиги билдирди.
Маалыматка караганда, «Ойбек» чек ара бекетинде жалпысынан 500гө чукул киши өтө албай турат. Алардын бир бөлүгү Орусиянын жарандыгын алган тажикстандыктар.
«Көпчүлүгүбүздүн акчабыз түгөндү, жашай турган жерибиз жок. Билет сатып алууга мүмкүнчүлүгү барлар элчилик уюштурган каттамдар менен учуп кетишти. Орусиянын Хоженттеги консулдугуна, Душанбедеги элчилигине бир нече жолу кайрылдык. Бирок маселе чечилген жок. Ошондуктан чек арага келүүгө аргасыз болдук», — деди Орусия жарандарынын бири.
Хоженттеги башкы консулдуктун өкүлү аларга жарандар кайрылганын ырастап, «мүмкүнчүлүккө жараша» жардам берүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.
Орусиянын Душанбедеги элчилиги Тажикстан жана транзиттик өлкөлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кабарлады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ