Депутат Рыскелди Момбеков жерлерди трансформациялоо маселеси көп жолу көтөрүлүп келгенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 17-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, өкмөт бул маселени чечпей келет. Мындай көйгөй бардык аймактарда бар экенин белгиледи.
“Мен депутат болгондон бери жерлерди трансформациялоо меселесин көтөрүп келем. Азыр кайсы айылга барба ушул маселе жаралат. “Ата-Түрк” сейил багындагы 15 гектар жерлерди байлар басып алды, жарымы мыйзамдаштырылып кетти. Бул акыйкатсыздык. Комиссия түзүп, жөнөкөй элдин көйгөйүн чечкиле”, – деди депутат.
Мындан тышкары, депутат Шекер айылындагы “Чыңгыз Ордо” комплекси тууралуу дагы маселени көтөрдү.
“Шекер айылында Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына “Чыңгыз Ордо” комплекси курулуп баштаганда президентибиз Сооронбай Жээнбеков өзү барып батасын берген. 90 жылдык өтүп кетти, акчасы жоголуп кетти. Мухаммедкалый Абылгазиев быйыл бүтүрөм деп убадасын берген. Жарымы бүтүп, калганы бүтпөй турат”, – деп айтты.
Кубатбек Боронов бул маселени чечип, быйыл бүтүрүүгө аракеттин үстүндө иштейт экенин белгиледи.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ