Menu

Президент Биринчи май райондук сотунун судьясы Максат Орозбакованы жазык жоопкерчилигине тартуу үчүн кызмат ордунан четтетти

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын берген сунушунун негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы Орозбакова Максат Асанкуловна кызмат ордунан убактылуу четтетилди.

Мамлекет башчысына Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын жергиликтүү соттун судьясы Максат Орозбакованы кызмат ордунан убактылуу четтетүү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү тууралуу сунуштамасы келип түшкөн.

Буга Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовдун Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде опузалап пара алуу фактысы катталганы тууралуу көрсөтүлгөн сунуштамасы негиз болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: