“Бишкек” эркин экономикалык аймакта жайгашкан салык башкармалыгы карантинге жабылды. Бул тууралуу маалыматты КР Салык кызматынын басма сөз кызматы журналисттерге тастыктады.
Алардын айтымы боюнча, аталган башкармалыктын кызматкеринен коронавирус табылган. Ал ооруканага жаткырылып, калган бардык кызматкерлер лабораториялык текшерүүдөн өтүшүп, анализдерин натыйжалары терс чыккан.
“Мекеме карантинге жабылды. Коронавирус бир гана кызматкерде аныкталды. Бардык кызматкерлер аралыктан иштөөгө жиберилди. Салык кызматынын башка бөлүмдөрү штаттык режимде иштеп жатат” – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 17-июнга карата Кыргызстанда коронавирустун 2562 учуру аныкталган. Анын ичинен 1901 адам оорудан айыгып, ооруканадан чыгарылган. 30 адам илдеттен улам каза тапкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ