Бүгүн, 17-июнда Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министринин мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
Ошондой эле башка Жарлык менен «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 13-беренесинин 4-бөлүгүнүн негизинде Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын мурда жүктөлгөн милдеттерин аткаруудан бошотулду.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ