Кечээ, 17-июнда, Өкмөт үйүндө КР премьер-министринин ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү расмий иш-чарасы өткөн. Анда Мухаммедкалый Абылгазиев Кубатбек Бороновго кызматын өткөрүп берди.
Социалдык тармактардын колдонуучулары өкмөттүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жана министрлер кабинетинин башчылыгына дайындалган Кубатбек Бороновду аралык сактабагандыгы жана бет капсыз жүргөнү үчүн сынга алышты.
Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Республикалык штаб жарандарды социалдык аралыкты кеминде 1,5-2 метр аралыкта сактоого, бардык байланыштарды чектөөгө, эл көп чогулган жерлерден алыс болууга, бет кап жана кол кап кийип коронавирустук инфекцияны азайтууга үндөп келет.
Социалдык тармактарда ондогон аткаминерлер чогулуп түшкөн сүрөтү да жарыяланып, катуу сынга кабылды. Колдонуучулар өкмөт эрежелерди бузбай, коомчулукка үлгү көрсөтүшү керек экенин белгилешти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ