Menu

Интернетте маалымат жарыялоого цензура киргизип жаткан мыйзамга “жаш жана прогрессивдүү жаңы атамекенчи” Жанар Акаев да “макул” деп добуш берген

Бөлүшүү:

Бүгүн, 18-июнда депутат Дастан Бекешов Twitter социалдык тармагындагы баракчасына “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна добуш берүүнүн жыйынтыгын жарыялаган. Анда добуш берген 106 депутаттын арасынан 4 гана эл өкүлү аталган мыйзам долбооруна каршы болуп, калганы “макул” деген добушун берген.

“Бүгүн, 17-июнда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору парламентте биринчи окуудан өтүп кетти. Фейк-аккаунттар, интернеттеги калптар, терроризм, адамдын ар намысын жана абийирин коргоо тууралу талкууладык. Бирок эң башкысы – бул мыйзам долбоорунун негизги максаты башка. Баары тууралу айтышты, бирок мыйзам долбоорунун негизги максаты тууралу айтышкан жок. 

Мыйзам долбоорунун 6-беренесинде эгер маалымат калп болсо Маданият министрлиги ал маалыматтын интернетте жарыяланышына соттун чечими чыкканга чейин чек коё алат деген норма бар. Министрликтин бир адиси өзүнүн кабинетинде олтуруп алып, маалыматтын кайсынысы калп, кайсынысы чын экенин чечип калат. Мен бул коррупционерлерге гана жардам берет деп айттым. Каалаган эле коррупционер өзү тууралу чыккан маалыматты калп деп танып Маданият министрлигине арызданып, өзү тууралу маалыматты калп деп жаптырып салат…

Жыйынтыгында “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбооруна депутаттардын 102 си “макул” деп, 4 “каршы” деп добуш берип, биринчи окуудан өтүп кетти”, – деп жазат депутат Дастан Бекешев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 + = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: